АКШнын Миссури штатынын бийлиги Фергюсон шаарына кошумча күч жиберүүнү чечти. Алар тополоңду басууга жана тынчтыкты калыпка келтирүүгө салым кошушмакчы. Аталган штаттын губернатору Джей Никсондун айтымында, эми штаттын коопсуздугун АКШнын улуттук гвардиясынын 2200 жоокери камсыздайт.
Кошумча: Ушул жылдын август айында 18 жашар Майкл Браундун полиция тарабынан атып өлтүрүлүшү көптөгөн нараазычылыктарды жаратты. Анткени аталган кырдаал боюнча ачылган кылмыш иши соттордун полицияны актоосу менен аяктады. Кечээ, 25-ноябрь күнү Фергюсон штатындагы митингден 29 киши камакка алынды. Ошондой эле бир полиция кызматкерине ок тийгендиги айтылууда. Кечээ нараазычылык акциялары Нью-Йорк, Вашингтон жана башка ир ... Толугу менен окуу »
Түркиянын президенти Тайип Эрдогандын айтымында, аял менен эркектин ортосунда теңдик болбойт. "Аял менен эркекти бир деңгээлге коюу мүмкүн эмес. Бул табигый эмес көрүнүш. Аялзаты - эне, анын балдары бар же кош бойлуу учуру болот. Ал короосундагы картөшкөнү казышы мүмкүн эмес",-деди ал аялдардын укугун коргоо тууралуу маалымат жыйынында. Түрк өлкө башчысынын ою боюнча динде аял-эркектин деңгээли эң туура берилген жана аялдарга эркектер менен тең укуктуулук эмес, жөн гана эркектер менен бир катардагы урмат-сый керек.
Буга чейин президент түрк аялдары кеминде 3тү төрөшү керектигин айткан эле. Ошондой эле төрөт учурундагы операцияга жана абортко каршы экендигин билдирген.
Кошумча: ... Толугу менен окуу »
Президент Петр Порошенко 13-ноябрда кол койгон жарлыкка ылайык, мындан ары 21-ноябрда “Ар-намыс жана Эркиндик” күнү майрамдалмакчы. Ошол кездеги мамлекет башчы Виктор Янукович Евробиримдик менен келишимден баш тартып, Орусия менен жакындашуу багытын алгандан кийин бир жыл мурун ошол күнү Киевдин борборуна адегенде чакан топ чогулган. Бир эле түндүн ичинде аянт он миңдеген кишиге толгондо полиция аларды союл, жаш агызчу газ менен таркаткан. Бара-бара Януковичтин кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар жаңырып, президент февралда өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Полиция менен демонстранттардын кагылышууларында 100дөн көп киши набыт болгон.
Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик коопсуздук министри Гэн Хуэйчанды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдалды. Маалыматка ылайык, жолугушууда терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөштө мындан ары өз ара аракеттенүүнүн мааниси баса белгиленди.
Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 7-октябрда туулган күнүн Сибирден белгилейт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков, орусиялык журналисттерге билдирди. Президент туулган күнүндө эмне менен алектенери тууралуу суроого Песков “Сибирь тайгасында эс алат, кимдер менен чогуу болорун билбейм. Бул күнгө эч кандай расмий же жумуштук жолугушуулар пландалган эмес” деп жооп берди. Орусия лидеринин иш тартиби быйыл өтө оор болгонун кошумчалайт басма сөз катчы. “Мурунку жылы анын туулган күнү ар кандай жумуштук жолугушуулар менен болгон. Быйыл Путиндин жумушу өтө оор болду. Күнү-түнү иштеп, көп иш сапарларда болду”,- дейт ал. Песковдун айтымында, президент өздүк майрамын
...
Толугу менен окуу »
Президент Барак Обама АКШда Эбола вирусунун жайылуу коркунучу аз деп айтты. “Ага карабастан АКШнын эропортторунда кошумча текшерүү иштери жүрүүдө. Анткен менен эл аралык коомчулук Эбола вирусуна каршы толук кандуу күрөшпөй жатат”, - дейт Обама. Буга чейин америкалык телеоператор вирус жуктуруп алып, Либериядан Америкага жеткирилгени кабарланган эле. Мындан башка либериялык Томас Данкан Техаска келгенде кийин Эбола илдетине чалдыкканы билинген. Анын абалы азырынча жакшы эмес. Буга чейин АКШнын президенти Барак Обама Батыш Африкадагы Эбола дартынын күчөп жайылышын "глобалдык коопсуздукка коркунуч" деп билдирген эле. Атлантадагы инфекциялык оорулардын алдын алуу жана анын жайылышына көзөмөл кылуу борборунда сүйлөгөн сөзүндө Обама Эбола дарты көзөмөлдөн чыгып баратканын, эгер аны токтотпосо, аны менен ооругандар жүз миңдеген санга жетиши мүмкүн экенин баса белгилеген болчу.
Ош облусунун Шарк айылдык округу тарабынан Баткен облусундагы Төрт-Гүл чек арачыларына 500 миң сом акча каражаты бөлүндү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди. Шарк айыл округунун башчысы Жолдошев Астанбектин айтымында аталган акча каражатты Төрт-Гүл чек ара постуна мончо куруу үчүн жумшалат. “Биздин депутаттар, айылдык кенештин төрагасы жана айылдагы аксакалдардын макулдашуусу менен акча каражаты бөлүнүп, Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата жакшы демилге болду”-деди А.Жолдошев. Акча каражаты 6-октябрь күнү Баткен облусунун Төрт-Гүл чек ара постунда тапшырылат.
Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри кылып Мелис Турганбаевди дайындады. Мындай жарлыкка кол коюлганын өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Турганбаевди министрликтин жамааты менен бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев тааныштырды. Жыйын жүрүшүндө өкмөт башчы жаңы министрдин негизги милдети Ички иштер министрлигин реформалоо экенин эскертип, ай сайын бул жаатта коомчулукка маалымат берип турууга милдеттендирди. Буга чейин Турганбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш депутаттары жактырган эле. Ал парламентте сүйлөп жатып, министрликтин кадыр-баркын көтөрүүгө, уюшкан кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүүгө убада берген. Кошумча маалымат: Мелис Турганбаев буга чейин Бишкек шаардык милициясын жетектеп келген. 16-сентябрда министр Абдылда Суранчиев өз арызы менен кызматтан кеткен. Булак: Азаттык
$IMAGE1$Түркия парламенти Ирак жана Сириянын аймагындагы өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган согушкерлерге каршы күрөшүүгө түрк армиясын киргизүү демилгесин колдоду. Түркия өзүнү "Ислам мамлекети" деп атаган согушкерлерге каршы күрөшүүнү көздөйт. Анкени согушкерлер 46 түрк жаранын барымтага алганын жүйөө келтирүүдө. Бирок, барымтага алынгандар кайра бошотулган болчу. Анткен менен Түркия өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган согушкерлердин жооп кайтарышынан жана согушкерлердин катарындагы күрддөргө жардам берүүдөн чоочулап турат. Ассошиэйтед пресс агенттигинин “Түркия эми кандай кадамга барат?” деген суроосуна Түркиянын коргоо министри Исмет Йылмаз “Биз тараптан тезинен реакция болот деп күтпөгүлө” – деп жооп берди. Сирия менен Түркиянын чек арасынын узундугу 900 чакырым, чек ара аймактары эки мамлекет үчүн да кооптуу. BBC