ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНГА 25 ЖЫЛ!

Урматтуу бир туугандар, туп-туура 25жыл мурун Кыргыз жери, эли эгемендүү калк, мамлекет деген наамга ээ болгон. 25 жыл аралыгында канчаган кайгылуу окуялар болуп өттү. Бирок, Кыргыз эли бул окуяларга карабай алдыга карай өнүгүп барат! Биз өз сайтыбыздын атынан эгемендүүлүк күну менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Кыргызстан
3000
VIP
31.08.2016
0

Бишкектеги Кытай элчилигинде теракт болду

Бишкектин түштүк бөлүгүндө жайгашкан Кытайдын элчилигинин аймагында жардыруу катталды. «Азаттыктын» укук коргоо органдарындагы булагынын билдиришинче, жанкечти унаа менен элчиликтин дарбазасын талкалап кирип, андан соң жарылуу болгон.

Расмий түрдө бир киши каза болуп, үчөөсү жаракат алганы кабарланууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинен жараат алгандар анда бакчы болуп иштеген 17 жаштагы балдар экенин билдиришти.

Окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө кызматтары иштеп жатат. Жарылуунун толкунунан коңшу үйлөрдүн айнектери талкаланган.

Террорист ошол жерде мерт кеткен.

(с) Эркиндик

Кыргызстан
2414
VIP
30.08.2016
0

Германияда 16 жаштагы кыз террорчулукка айыпталууда

Немис прокуратурасы адам өлтүрүүгө аракет кылып жана террордук уюмдарды колдогон деп 16 жаштагы кызга расмий түрдө айып такты.

Бийликтин билдирүүсүнө караганда, февралда Сафья С. аттуу кыз Ганноверде полициячыны “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун атынан жарадар кылган. Германия жана Марокко жарандары кылмыш болгон жерде кармалган.

Прокуратуранын божомолу боюнча Сафья С. январда Стамбулга барып, Германияда кол салууну ишке ашыруу үчүн ИМ тобунан нускама алган. Ал кайра келип, экстремисттер менен онлайн түрүндө байланышка чыккан жана терактты пландоого жардам сураган.

Мындан тышкары сирия тектүү 19 жаштагы жаш жигитке кылмышты болтурбай коюууга аракет жасабагандыгы үчүн айып тагылды. Мохамад Хасан К. аттуу улан Сафья Германияда ... Толугу менен окуу »

Дүйнө
2578
VIP
30.08.2016
0