Египет. Туризм тармагында орус акча бирдигин колдонууга даяр

 Египет туризм тармагында орус рублинин колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат. Бул тууралуу республиканын президенти Абдель Фаттах ас-Сиси ТАСС кызматынын башчысынын биринчи орун басары Михаил Гусманга берген маегинде билдирди.

"Биз туристтик инфрастуктураны кеңейтүү үчүн көптөгөн аракеттерди жасап жатабыз. Анын ичинде орусиялык туристтерге түрдүү шарттарды түзүүдөбүз. Учурда болуп жаткан доллардын курсуна байланыштуу көйгөйлөрдү эске алып, орус валютасын колдонууга даярбыз", - деп белгилеген египеттик лидер.

Экономика
750
VIP
29.08.2015
0

Лионель Месси Европанын мыкты футболчусу деп аталды.

Монакодо 27-август, өткөн сезондун жыйынтыгы менен Европанын мыкты футболчусу аныкталды. Жыйынтыгында, "Барселонанын" чабуулчусу жана Аргентинанын улуттук курама командасынын оюнчусу Лионель Месси 2014-2015 сезонунун европалык мыкты футболчусу деп аталды.

Мессиден сырткары мыкты оюнчу наамына Мадридтик "Реал" жана Португалиянын жарым коргоочусу Криштиану Роналду жана "Барса" командасынын форварды Луис Суарес талапкер болгон.

Кошумча: Лионель Месси өткөн сезондун жыйынтыгы менен жалпы жонунан 58 ирет дарбазага топ киргизген. "Барсанын" курамында Чемпиондор Лигасын багындырып, Испания чемпиону жана Король кубогу үчүн турнирдин чемпиону болгон.

Спорт
734
VIP
29.08.2015
0

АКШ. "Ислам мамлекети" тобуна жардам берген 17 жаштагы жаранды 11 жылга эркинен ажыратты

АКШнын Виржиния штатындагы Манассас шаарчасынын 17-жаштагы тургуну Али Шукри Амин 11 жылга эркинен ажыратылды. Ага “Ислам мамлекети” террордук тобуна жардам берген деген айып тагылган. Соттун чечимине ылайык, ал камактан чыккандан кийин да өмүр бою полициянын көзөмөлүндө болот.

Иликтөөлөрдүн негизинде, Амин интернеттеги террордук топтун тарапкерлерине каржылык көмөк көрсөткөн жана социалдык тармактар аркылуу виртуалдык Bitcoin валютасын колдонуу ыкмаларын үйрөткөндүгү үчүн июнь айында ал күнөөлүү деп табылган эле. Амин экстремисттерге материалдык колдоо көрсөткөн эң жаш америкалык болуп саналат.

Дүйнө
798
VIP
29.08.2015
0

"Ата Мекен" бир катар ММКларды сотко берди

“Ата Мекен” партиясы КТРКны, ЭлТРди жана Knews маалымат агенттигин сотко берди. Бул тууралуу партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында аталган маалымат каражаттары “Ата Мекен” партиясын каралаган маалыматтарды тараткан. Эске салсак, август айында Орусиядагы айрым мигранттар шайлоодо “Ата Мекенди” колдой турганы жөнүндө маалымат жыйын уюштурган. Андан кийин башка мигранттар менен иштеген уюм өкүлдөрү жогорудагы билдирүүгө нааразылыгын билдиришкен. Бул жөнүндөгү сюжет аталган эки телеканалда көрсөтүлүп, Knews агенттигине макала жарыяланган. Мындай аракеттерди партия өкүлдөрү шайлоо алдындагы буйрутма катары кабыл алышып, сотко кайрылышкан. Азыр Бишкектеги Ленин райондук сотунда 8-сентябрда каралуу алдында турат. Ал эми аты аталган ММК өкүлдөрү бул эч кандай буйрутма эместигин айтышууда.
Саясат
784
VIP
29.08.2015
0