18:27
Лионель Месси Европанын мыкты футболчусу деп аталды.

Монакодо 27-август, өткөн сезондун жыйынтыгы менен Европанын мыкты футболчусу аныкталды. Жыйынтыгында, "Барселонанын" чабуулчусу жана Аргентинанын улуттук курама командасынын оюнчусу Лионель Месси 2014-2015 сезонунун европалык мыкты футболчусу деп аталды.

Мессиден сырткары мыкты оюнчу наамына Мадридтик "Реал" жана Португалиянын жарым коргоочусу Криштиану Роналду жана "Барса" командасынын форварды Луис Суарес талапкер болгон.

Кошумча: Лионель Месси өткөн сезондун жыйынтыгы менен жалпы жонунан 58 ирет дарбазага топ киргизген. "Барсанын" курамында Чемпиондор Лигасын багындырып, Испания чемпиону жана Король кубогу үчүн турнирдин чемпиону болгон.

Категория: Спорт | Просмотров: 728 | Добавил: VIP | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0