Бишкек шаарында газ менен жүрө турган автобустар пайда болот. Мындай маалыматты өкмөт башчы Темир Сариев шаардын жолдорун оңдоп-түзөө иштерин текшерүү учурунда билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, экологияга да терс таасир тийгизбейт жана автобустар коомдук унаа маселесин чечет.
Сариев андан сырткары борбор калаада пайда болгон унаа тыгындарды тез арада чечүү керектигин айтты. Бул үчүн шаардык муниципалитет атайын программа иштеп чыгып, шаардын борборунда жүрүүчү микроавтобустар газ менен иштеген ичи кенен автобустарга алмаштырылып, жол акынын арзан болушу күтүлүп жатканын кошумчалады. Бүгүн, 8-майда саат 10:50дө Кыргызстандын аймагында күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталганын, Казакстан илим-билим министрлигинин сейсмологиялык тажрыйба-усулдук экспедициясы маалымдайт.
Ал эми КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө бүгүн саат 10:50дө катталып, очогу 4,5 баллга жеткен. Жер титирөөнүн күчү Токтогул шаарчасында 4 баллга, Кара-Көл шаарында жана Кара-Сакал айылдарында 3,5 баллга, Үч-Терек айылында 3 баллга жана Торкен айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Кошумча: Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Жогорку Кеңештин депутаттары Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу боюнча Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына кайрылганын парламенттин маалымат кызматы билдирди. КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев жетектеген делегация Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) жазгы сессиясына катышууда. Жыйында депутат Каныбек Иманалиев сүйлөп, апрель окуяларына туура беш жыл толгонун эске салды. ... Толугу менен окуу »
Кошумча: Жыл башынан бери 7 окуучу өз өмүрүнө кол салса, 2014-жылы өлкө боюнча алардын саны 106 га жеткен. 1-сентябрдан тарта мугалимдердин айлык маянасы 50%га көбөйөт. Мындай билдирүүнү каржы министри Ольга Лаврова маалымдады. Ага ылайык, бул аракетти ишке ашыруу үчүн 3 млрд. сом керектелери маалым болду. министирдин айтымында, бир гана орто мектептин мугалимдери эмес, бала бакча, музыкалык, дене тарбия мекемелеринин мугалимдеринин да маянасын көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Кошумча: Мындан сырткары 1-майдан тартып мамлекеттик эмес органдардын кызматкерлеринин айлык акысы да 50%-80%га чейин көтөрүлөт. Ошондой эле аларга Мамлекеттик айлана - чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин, ӨКМдин алдындагы гидрометеорология кызматкерлери жана интернат үйлөрүнүн кызматкерлери кирет. Швециянын жарандары эми төлөмдөрдү алаканындагы атайын системанын жардамында төлөп көрүшмөкчү. Негиздөөчүлөрдүн пикиринде бул ыкма тоноочулукка жана алдамчылыкка тосук болушу ыктымал. Атуулдардын венасын алаканынан сканирлөөдөн кийин алар төлөмдөрдү алаканындагы баскычтар аркылуу баскылап, жүргүзө алышат. Учурда 1000ден ашык адам сыноо стадиясына жазылды деп маалымдайт Daily Mail. Ошондой эле бул ыкма өлкөдөгү 15 тен ашык дүкөн жана ресторандарга жайгаштырылган. Адамдын алакан тарабынан өтүүчү вена тамыры ар бир кишиде индивидуалдуу. Ошол себепке таянуу менен негиздөөчүлөр тоноочулардын эч бир "шансы" калбады деген пикирде. Алардын айтымында бул ыкма кийинчерек дүйнө боюнча ишке салынуусу мүмкүн. Алаканы
...
Толугу менен окуу »
Режиссёр Садык Шер-Нияз тарткан "Курманжан датка" тасмасы дүйнөлүк "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу америкалык "Variety" журналы кечээ, 6-октябрда жазып чыкты. Тасма "Мыкты чет элдик тасма" категориясы боюнча көрсөтүлгөн. Аталган категория боюнча Кытайдан "Булбул" жана Франциядан "Көпөлөк" фильмдери да көрсөтүлгөн. Тизмеде негизинен жети фильм көрсөтүлөт. Акыркы такталган тизме 2015-жылдын 15-январында белгилүү болот. Эске салсак, тасма мамлекеттин эсебинен каржыланып, ага 3 жылга жакын убакыт кеткен. Ош, Алай, Жети-Өгүз, Талас жана Көк-Мойнок аттуу жайларда тартылган фильмде жалпысынан 700дөн ашык киши катышкан. Ал эми америкалык киноакадемиянын
...
Толугу менен окуу »
$IMAGE1$Түркия парламенти Ирак жана Сириянын аймагындагы өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган согушкерлерге каршы күрөшүүгө түрк армиясын киргизүү демилгесин колдоду. Түркия өзүнү "Ислам мамлекети" деп атаган согушкерлерге каршы күрөшүүнү көздөйт. Анкени согушкерлер 46 түрк жаранын барымтага алганын жүйөө келтирүүдө. Бирок, барымтага алынгандар кайра бошотулган болчу. Анткен менен Түркия өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган согушкерлердин жооп кайтарышынан жана согушкерлердин катарындагы күрддөргө жардам берүүдөн чоочулап турат. Ассошиэйтед пресс агенттигинин “Түркия эми кандай кадамга барат?” деген суроосуна Түркиянын коргоо министри Исмет Йылмаз “Биз тараптан тезинен реакция болот деп күтпөгүлө” – деп жооп берди. Сирия менен Түркиянын чек арасынын узундугу 900 чакырым, чек ара аймактары эки мамлекет үчүн да кооптуу. BBC
Коомдук каналды төрт жыл бою жетектеп, кызматтан өз каалоосу менен кеткен Кубат Оторбаевдин ордуна буга чейин коомдук ЭлТР каналын жетектеп келген Султан Жумагулов КТРКнын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Султан Жумагулов байкоочу кенешке сиздин талапкерлигиңизди ким сунуштады деген суроого: "Мен добуш берүүгө катышкан жокмун талапкерлигимди президенттик аппарат сунууштады. Угушум боюнча добуш берүү альтернативдик негизде жүргүзүлгөн. Мен канча добуш алганымды жана атаандашымдын канча добуш алгандыгынан кабарым жок. Ошондой эле келе жаткан жаңы жылда массалык маалымат каражаттарында орчундуу өзгөрүү болот, санариптик берүүгө өтөбүз деген оюн айтты".
Журналистика чөйрөсүнө акыркы убактарда терс пикирлер айтылып келет. Коомдук каналдын мындан аркы иш-аракеттерине баарыбыз чогуу күбө болобуз.Прикрепления:
Картинка 1
|