Дубайда эң кымбат баалуу тиш протезин жаратышты.

10 грамм алтынга тастыкталган 160 штук бриллиант себилген тиш протези Дубайдагы стомотологиялык клиникаларынын биринде  жаралды. Протездин учурдагы баасы $150 700 түзөт. Протез алдынкы сегиз тишке коюлат жана аны менен тамактанууга мүмкүн эмес. Бул кереметти жаратуучулардын айтымында сатыкка коюлган протездердин көпчүлүк бөлүгү Аутизм оорусу менен ооруган балдар борборуна жиберилет. Жаратуучуларга азыркы тапта 2 буюртма түштү. биринчи буюртма жогорку даражалуу эмират үй-бүлөсүнөн болсо, кийинки буюртмачы  Катар тургуну болду.

                                                                

Маалымат булагы: Эркиндик

 

... Толугу менен окуу »

Кыргызстан
1023
VIP
04.07.2014
0

Казакстандын чыгышында күндүн ысыгы 43 градусту көрсөтүүдө.

 Синоптиктер Казакстандын чыгышындагы аба-ырайына карата эскертүү берди. Анткени учурда ал жайда күндүн ысыгы 43 градусту көрсөтүүдө. Синоптиктердин айтымында Мангистаус облусунда күндүзү  43°C чейин ысык болуп жатат. Ал эми Атырау жана Актюбе облустарында 6-7-июлга карата 40 градус ысык болоору күтүлүүдө.

Кыргызстан
822
VIP
04.07.2014
0

Япония. Биринчи жолу биоотун менен жүрүүчү автобус ишке кирди.

Дүйнөдө биринчи жолу жаратылыш жашыл евглена балырлары менен жүрө турган автобус Япониянын Фудзисава шаарында жүрүп баштады. Автобус үчүн биоотунду Япония жүк ташуучу жана автобус чыгаруучу "Izuku" компаниясы менен "Euglena" компаниясы биргеликте иштеп чыгарышкан. "Автобус күнүнө 22 каттам жүрөт. Биздин ойубузча 4жылдан кийин 100% жаратылыш жашыл балырлар менен иштөөчү технологияларды чыгарабыз. Азыр ал 1% бөлүк менен иштеп жатат"-дейт  "Izuku" компаниясынын маалымат кызматы. Ушул жылдын июнь айынын акырында эки компания биргеликте жаңы муундун жашыл балырлар менен иштөөчү кыймылдаткычтарды иштеп чыгаруу келишимине кол коюшту. Пландарга ылайык 2018-жылга компаниялар к ... Толугу менен окуу »

Кыргызстан
967
VIP
04.07.2014
0

Дүйнөдө интернет колдонуучуларынын 61,5 % адамдар эмес, компьютердик робот-программалар түзөт.

Биздин интернетте кантип алдашат? Адамдар адамдын дал өзүндөй болуп иштөөчү "акылдуу машинелер" жөнүндө кыялданышчу эмес беле? Кубана берсе болот, анткени ошондой "акылдуу машинелер" азыр биздин арабызда бар...

Мындай "акылдууларды" "бот" деп коюшат, "бот" сөзү "робот" сөзүнүн кыскартылып айтылышы. Роботтор ар кандай чаттарда бир өздүктүн кейпин кийип алып жүрө беришет. Кээде сизге интернеттеги маектешиңиз шайыр, кээде мээримдүү, кээде өтөт эле боорукер сезилиши мүмкүн. "Роботко" баарыбир, анын эң башкы максаты - өзүнүн адам экенине сизди ишендирүү. Эгер сиз убактыңыздын көпчүлүк бөлүгүн интернетте өткөргөн адам болсоңуз, анда сиз дагы ... Толугу менен окуу »

Кыргызстан
812
VIP
03.07.2014
0

Кыргызстандан Сириядагы согушчандарга кошулган кыз-келиндердин саны өстү.

Сирияга жихадка кетип, куралдуу топторго кошулуп жаткан кыргыз кыз-келиндердин саны өстү. Дагы 10 чакты кыргыз кыздар Сириянын куралдуу топторуна кошулуп кеткен. Бул туралуу Ички иштер Министирлигинин 10-негизги башкармалыгынын башчысы  Рыскулбек Жапаркулов маалымат жыйынында билдирди. "Сириядагы согуштук аракеттери бар топторго кошулуп кеткендердин саны учурда кескин өстү. Азыркы кезге келип алардын саны болжол менен 80ди түзөт. Алардын 10ну аялдар болуп саналат",-дейт Жапаркулов.  

2014-жылга карата Сирияга чакыруу, үгүттөө жүргүзүү боюнча 15 факты катталган. Сириядан тышкары Афганистан жана Пакистанга да чакыруулар фактылары катталган. Бирок алардын 8ине гана кылмыш ишин козголуп, ... Толугу менен окуу »

Кыргызстан
1329
VIP
03.07.2014
0
« 1 2 3