В категории материалов: 24
Показано материалов: 1-10
Страницы: 1 2 3 »


Пластикалык операция

 Пластикалык операциядан кийин Шарипа эже эми Шакира эже болуп калды. 
"УКГ №5”
Тамашалар
1069
VIP
08.02.2014
0

Койлор

Шайлоодон кийин Таласта өпкөсү жок Койлор туула баштады.


No Name командасы
Тамашалар
879
VIP
08.02.2014
0

ЖКнын депутаттары

ЖКнын депутаттары ортосунда футбол боюнча таймаш болуп өттү. Адаттагыдай эле жеңилип калган тарап "голдорду кайра санап чыккыла” деп талап кылууда.
Тамашалар
803
VIP
08.02.2014
0

Эки достун маегинен:

– Доске, эмне менен алектенип жүрөсүң?
– Бир кыздын артынан чуркап жүрөм.
– Анан ийгиликтер кандай?
– Жакшы. Чуркоо боюнча Азия чемпиону аталдым
Тамашалар
884
VIP
08.02.2014
0

Тата Улан

Тата Улан кичине кезинде У-ту-ту, Му-ту-ту Улан болчу. Бирок аны ата-энеси кандай атабасын, ага ошондо эле чын жүрөктөн баары бир эле.
Тамашалар
877
VIP
08.02.2014
0

Ыйлак бала

Адик дагы ыйлап жатат.
– Эмне ыйлап жатасың, Адик? 
– Гороскоп боюнча, эртең мени сүйлөшкөн кызым таштап кетет экен.
– А сенин кызың жок да. 
– Жашым келип калса да, менин сүйлөшкөн кызым жок,- деп андан да катуу ыйлап кирет.
– Кыз элеби сага? Мына, Мадина мындан ары сенин сүйлөшкөн кызың болот.
– Аа-аа (ыйлап), анда ал мени эртең таштап кетет экен да...
Тамашалар
833
VIP
08.02.2014
0

Ар бир бешинчи

 Кыргызстанда ар бир үчүнчү адам юрист же экономист. Ар бир төртүнчүсү ырчы болсо, ар бир бешинчиси президенттикке талапкер...
Тамашалар
766
VIP
08.02.2014
0

Кичирайондордун биринде.

– Сүт, айран алабыз. Сүт, айран...
– Жаагыңды бассаң боло? Түнкү саат экиде кайдагы сүт?! Элди эс алдырасыңбы?
– Аа, эс алгыңар келип жатабы? Анда арак, пиво, тамеки алабыз...
Тамашалар
717
VIP
08.02.2014
0

Жылан

 Бала ыйлап жатат.
– Аа-аа...
– Эмне болду, Адик?
– Колумду жылан чагып алды.
– Анда эмнеге бутуңду кармап ыйлап жатасың?
– Жыгылып түшпөдүмбү...
Тамашалар
785
VIP
08.02.2014
0

Кыргыз эркегинин 3 максаты

 Ар бир кыргыз эркеги өмүрүндө үч нерсени аткаруусу керек:
1. Үйлөнүп, там салып, артына из калтыруу
2. Президентти өлкөдөн кууп чыгуу
3. Президенттикке талапкер болуу
Тамашалар
703
VIP
08.02.2014
0

1-10 11-20 21-24