Жатсак, турсак да, жада калса, уктаганда да кучактап жаткан уюлдук телефонубуз аркылуу башка адамдар менен толгон-токой сырларыбызды сүйлөшөбүз. Бирөөнү сөз кылып, талкуулайбыз, даттанабыз. Дал ошол себептен акыркы учурда интернетте чиновниктердин телефондогу сүйлөшүүлөрү актуалдуу болуп кетпедиби?
Балким, сизди дал ушул учурда кимдир бирөө тыңшоого алып жаткандыр. Билгиңиз келеби? Төмөнкү маалымат сизге көмөк берип калышы мүмкүн