Неопубликованные "закулисные" фото
Баардык фотолорду коруу учун макаланы басыныз.
Клеопа́тра VII Филопатор биздин заманга чейин 69-жылы 2-ноябрда туулган. Ал Птолемей XIII түн кызы жана эллинистикалык Египеттин акыркы Ханышасы. Тарых барактарына кайрылсак, Ханышанын мүнөзү абдан катаал болгону жана Египеттин билимдүү аялдардын катарына кирип, 7 тилде эркин сүйлөгөнү жазылат.
Кыргызстандагы уюлдук операторлор сунуштаган тарифтик пландар тууралуу көптөн берки байкоолорумду атайын долбоор аркылуу коомчулукка жеткирүүгө убакыт келип жетти окшойт.
Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул аптада Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базар бааларына көз салдык.
Бүгүнкү тамагыбыз — күн караманын даны. Аны баарыңар эле билип, көрүп жүрөсүңөр. Семичке чагуу көптөр үчүн адатка айланган, кээде анын кабыгын таштанды салгычка эмес, отурган жерге ыргытуу кадыресе көрүнүш кө айланып бара жатат. Мындан сырткары, аны экрандын алдында отуруп алып сүйүктүү кинолорду көргөндө да эрмектейбиз.
Күн караманын данында кальций менен магний көп, ага кошумча В тобундагы, дагы А, Е жана D витаминдери бар.
Семичке калориялуу азык экенин эстен чыгарбаш керек: азыктандырган заттардын жарымы майлар, алардын кубаты 580 калорийге жетет.
Бишкектеги семичкелердин баасын Sputnik жасаган инфографикадан көрүңүз.
Жалпысынан алганда, эң көп керектелет делген азык-түлүктөрдүн баасы мурдагыдай эле калды, болгону, бадыраң бир аптада 50 сомго түшүп, базарда аны 90 сомго сатып алса болот. Бадыраңдын "жолдошу" помидор баасы 30 сомго көтөрүлүп, бир килосу 130 сомду чапчыды.
Путин үчүн даярдалып жаткан эң чоң лимузин 2018-жылы даяр болот. "Президенттик лимузиндин эскиздик жана техникалык түзүүсү даяр болду. Аны менен катар негизги лимузинди коштоп жүрүүчү унаалардын да түзүүлөрү даяр",-деп билдирди Санкт-Петербург политехникалык университетинин түзүү бөлүмүнүн башчысы Алексей Боробков. Анын айтымында 2015-жылы автоунаанын прототиби жасалып башталат. Президенттик лимузин 2017-2018-жылдарга барып толук даяр болот. "Бул автоунаа дүйнөдөгү эң чоң, оор - 6 тонна, кыймылдаткычынынын көлөмү 800 литр болгон жана эң негизгиси ааламдагы эң коопсуз автоунаа болот",-дейт ал. Маалыматка ылайык, президенттик кортеждин жасалуусуна 2015-2016-жылдар аралыгында 8 млрд рубль бөлүнгөн. Ал эми былтыр, 2014-жылы жалпы 3,5 млрд рубль керектелген.