8-МАРТ ЭМНЕ ҮЧҮН МАЙРАМДАЛЫП КАЛГАН?
1857-жылдын 8-мартында Нью-Йорктогу текстилдик фабрикада иштеген аялдар эмгек шартты жакшыртуу, иш күнүнүн убактысын кыскартуу жана эркектер менен тең укуктуу болуу талаптары менен демонстрацияга чыгышкан. Бирок алар тез эле тартип сакчылары тарабынан куулуп, таркатылган эле.
Кийин 1908-жылдын февраль айынын акыркы жекшембисинде Нью-Йорк шаарынын аялдары дагы көтөрүлүшкө чыгып, шайлоо укугуна ээ болууну жана жаш балдарды иштетүүнү токтотуу, эмгек шартын жакшыртуу талаптарын коюшкан. Бул ирет полиция аялдарды муз аралашкан суу чачып таратат. Бирок бул көтөрүлүштүн толкуну бүткүл Европаны каптап, кийинки жылы аялдар жөө жүрүш менен гана чектелбестен, массалык иш таштоого чейин барышат.....